Радио

Кыргызстанда жыл сайын 50-60 бала сөөк чучугун алмаштырууга муктаж

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология бөлүмүнүн жетекчиси Султан Стамбеков Кыргызстанда балдарга сөөк чучугун алмаштыруу операциясын жасоо пландалып жатканын айтты.
Sputnik
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында балдардын сөөк чучугун трансплантациялоо операциясын киргизүү аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу Султан Стамбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сөөк чучугун алмаштыруу операциясы өтө оор дарылоо ыкмасы болуп эсептелет.
"Мындан беш жыл мурун Гематология борборунда сөөк чучугун алмаштыруу операциясы (аутотрансплантация) жасалчу. Бирок жабдыктардын эскилиги жеткенине байланыштуу ал долбоор токтоп калган. Кыргызстанда оорулуу балдарды каттоо жана диагностика жакшырып, мындан улам ооруну аныктоо көрсөткүчү 50 пайызга өстү (жылына 120дан 180ге чейин). Кыргызстанда жыл сайын 50-60ка жакын бала сөөк чучугун алмаштырууга муктаж. Бул онкогематология, онкология, гематология, тубаса иммундук жетишсиздик, ар кандай тубаса генетикалык патологиялар менен жабыркагандар болуп саналат. Бул топтун ичинен 20 бала аутотрансплантацияга (өзүнө өзү донор), 40 бала аллогендик трансплантацияга (башка адамдын сөөк чучугу жайгаштырылат) муктаж. Аллогендик трансплантациянын баасы чет өлкөдө (Түркияда, Россияда) 100 миң долларга чейин жетет. Борбордо алгач аутологиялык трансплантацияны киргизип, андан соӊ аллогендик трансплантацияга өтүү пландалууда. Алгачкы этапта аутологиялык трансплантациялоо операцияларын ишке ашыруу үчүн афферездик аппаратты жана азот үчүн криоцилиндрлерди сатып алууну талап кылат. Учурда түркиялык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Стамбеков.
Ал ошондой эле жакынкы аралыкта кыргызстандык адистер сөөк чучугун алмаштыруу боюнча окуудан өтүү үчүн Түркияга жөнөтүлөрүн кошумчалады.