Салык кызматы күйүүчү майга көзөмөлдү күчөтөт. Жол-жобосу

Бул үчүн атайын молекулярдык маркер колдонулат. Муну менен мекеме аткезчиликти жоюуга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. – Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы мунайзат өндүрүү, импорттоо, алып өтүү, сактоо, жөнөтүү жана сатуу иштерине көзөмөл күчөтүлө тургандыгын маалымдады.
Билдирмеге ылайык, ал үчүн уникалдуу молекулярдык маркерди колдонуп күйүүчү майды маркалоо системасын киргизүү пландалууда.
1 / 4

Мамлекеттик салык кызматы мунайзат өндүрүү, импорттоо, алып өтүү, сактоо, жөнөтүү жана сатуу иштерине көзөмөл күчөтүлө тургандыгын маалымдады

2 / 4

Билдирмеге ылайык, ал үчүн уникалдуу молекулярдык маркерди колдонуп күйүүчү майды маркалоо системасын киргизүү пландалууда

3 / 4

Мекемеден белгилегендей, уникалдуу отун маркерин колдонуу күйүүчү майдын мыйзамсыз жүгүртүлүшү менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет

4 / 4

Маркалоо ыкмасы бир катар чет өлкөлөрдө колдонуларын, бул аткезчиликти жоюуга мүмкүндүк түзөрүн кошумчаланды

"Чет элдик компания өкүлү маркалоо процессинде көчүрүүгө, жууп салууга, өчүрүүгө же өзгөртүүгө мүмкүн болбогон, отун майынын ар кандай түрүнө шайкеш келген жана автоматташтырылган, кол менен маркалоого ылайыктуу уникалдуу заттар колдонуларын айтып берди. Долбоордун алкагында маркердин мобилдик анализаторлору менен жабдылган лабораторияларды түзүү пландалууда. Алардын жардамында салык кызматкерлери өлкөнүн кайсы бурчунда болбосун мунайды алып өткөрүүнүн жана сатуунун мыйзамдуулугун текшерип, зарыл болгон учурда тиешелүү айыптык чараларды колдоно алышат", — деп айтылат Мамлекеттик салык кызматынын маалыматында.
Мекемеден белгилегендей, уникалдуу отун маркерин колдонуу күйүүчү майдын мыйзамсыз жүгүртүлүшү менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет. Маркалоо ыкмасы бир катар чет өлкөлөрдө колдонуларын, бул аткезчиликти жоюуга мүмкүндүк түзөрүн кошумчаланды.
Бензиндин литрине бир сом кошуу сунушталды. Акча кайда жумшаларына түшүндүрмө