Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ

Ушул жылдын сегиз айында өлкө 3,1 миң тонна балык экспорттогон.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстандын балыгын көп алган мамлекеттердин сап башында ЕАЭБ өлкөлөрү турат. Мындай жыйынтыкка Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына жасалган анализден улам келсе болот.
Ушул жылдын сегиз айында өлкө 3,1 миң тонна балык экспорттогон. Анын ичинде тоңдурулганы, жаңы союлганы, муздатылганы, филе, фарш бар. Ошондой эле сыртка кургатылган, туздалган, ышталган балыктын партиялары да чыгарылган. Бирок анын көлөмү көрсөтүлгөн эмес.
Бардык жеткирүүлөрдүн жалпы баасы 12,8 миллион долларды түзөт.
Балык сатып алган мамлекеттер:
Россия —дээрлик 2,6 миң тонна;
Литва — 401,7 тонна;
Казакстан — 105,8 тонна.
Белгилей кетсек, былтыркы жылдын сегиз айында Кыргызстан 2,5 тоннадай балык экспорттогон.
Радио
Балык чарба субъектилери сегиз айда 21,8 миң тонна товардык балык өндүрдү