Кыргызстандык спортчулар Сауд Арабиядагы Дүйнөлүк оюндарга катышат

Ата мекендик спортчулар самбо, жиу-житсу, каратэ жана грэпплинг боюнча намыс талашат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Бүткүл дүйнөлүк оюндарга катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Аталган мелдеш 20-30-октябрь күндөрү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өтүп, спорттун 15 түрү боюнча күч сыналат. Ал эми Кыргызстандан самбо, жиу-житсу, каратэ жана грэпплинг боюнча команда мүчөлөрү барат.
Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев спортчуларды кабыл алып, алар өлкөнүн намысын коргоп, желегин желбиретип келерине ишеним артты. Ошондой эле бул оюндар тажрыйба арттырууга чоң мүмкүнчүлүк болорун белгиледи.
Кыргызстандын жаш боксчулары Астанадагы Азия чемпионатына катышат. Тизме