Кыргызстандын футболчу кыздары Борбор Азиядагы турнирде күмүш алышты

Мелдеш Душанбе шаарында 14 жашка чейинки кыздар арасында өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футболчу өспүрүм кыздары Борбордук Азиядагы CAFA турниринде күмүш байгеге ээ болушту. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Маалыматка ылайык, мелдеш Душанбе шаарында 14 жашка чейинки кыздар арасында өткөн.
Кыргызстандын спортчулары Иран (1:1) жана Тажикстандын (0:0) оюнчулары менен тең чыгып, Өзбекстандын командасын 3:2 эсебинде утуп алган.
Натыйжада 7 упай алган Иран чемпион болсо, Кыргызстан 5 упай менен экинчи орунга чыгып, 3 упай алган Өзбекстан үчүнчү орун, ал эми Тажикстан 1 упай менен төртүнчү орунга илингени маалым болду.
Кыргызстандык спортчулар Сауд Арабиядагы Дүйнөлүк оюндарга катышат