Бишкекте чет элдик жарандар ызы-чуу салып, алтоо үч суткага камалды

Тартип бузган чет элдик жарандардын экөө студент экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкекте майда бейбаштык беренеси менен чет элдик алты жаран кармалганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 17-октябрь күнү саат 01:10дор чамасында милицияга Абдрахманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда чет элдик жарандардын тобу коомдук тартипти бузуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт Свердлов РИИБдин журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
"Окуя болгон жерге милиция барып, чет элдик тогуз жаранды райондук башкармалыктын тергөө кызматына жеткирген. Бул боюнча Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук сотуна жөнөтүлгөн. Соттун чечими менен чет өлкөнүн алты жараны Бишкек ШИИБдин атайын убактылуу кармоочу жайына үч суткага камакка алынса, экөөнө 5 500 сом айып салынган", — деп жазылат маалыматта.
Териштирүү учурунда мушташка катышкан эки чет элдик жаран шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттери экендиги аныкталып, милиция аларды окуудан чыгаруу өтүнүчү менен окуу жайга кат жөнөткөнү кошумчаланды.
Уюшкан кылмыштуу топ коркутса кабарлагыла! УКМК ишкерлерге кайрылды