Бишкектин борборунда "АгроТехЭкспо-2023" агроөнөр жай көргөзмөсү өтүүдө. Сүрөт

Көргөзмөгө катышкан Акылбек Жапаров айыл чарба тармагы экономиканын өсүшүнө салым кошуп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө "АгроТехЭкспо-2023" агроөнөр жай көргөзмөсү өтүүдө.
1 / 3

Бишкектин борбордук бөлүгүндө "АгроТехЭкспо-2023" агроөнөр жай көргөзмөсү өтүүдө

2 / 3

Көргөзмөгө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан

3 / 3

Ал иш-чара фермерлердин тажрыйба алмашуусунун негизги аянтчасы болуп саналарын айтып, айыл чарба тармагы экономиканын өсүшүнө салым кошуп жатканын белгиледи

Эски аянттагы көргөзмөдө айыл чарба техникасынын акыркы үлгүлөрү, кайра иштетүү өнөр жайынын жабдуулары, жаңы инновациялык технологиялар, үрөн сорттору, жер семирткичтердин түрлөрү, ветеринардык препараттар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, агрохимикаттар, асыл тукум мал жана башка айыл чарба продукциялары көрсөтүлгөн.
Көргөзмөгө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан. Ал иш-чара фермерлердин тажрыйба алмашуусунун негизги аянтчасы болуп саналарын айтып, айыл чарба тармагы экономиканын өсүшүнө салым кошуп жатканын белгиледи.
Радио
Министрлик: Кыргызстан ЕАЭБде балык экспорту боюнча атаандаша алат