Ысык-Атада 15 жаштагы кызга нике кыйган айылдын имамы кармалды

Жашы жете элек кызга үйлөнмөк болгон жигит да убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Ысык-Ата районунда 15 жаштагы кызга нике кыйган айылдын имамы кармалганын Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Ивановка айылында 21 жаштагы жигит 15 жаштагы кызга үйлөнүп, алардын никесин айылдын имамы кыйган.
Аталган факт Ысык-Ата РИИБдин журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу") боюнча кылмыш иши козголгон.
Натыйжада 52 жаштагы имам менен үйлөнмөк болгон жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланды.
Өлкөдө жыл башынан бери 19 миң жубай баш кошуп, 6 миңдейи ажырашкан