Парламентте Төлөнов менен Бакасовдун мушташып кете жаздаган видеосу

Эки депутат тең "Мекенчил" тобунун мүчөсү.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов менен Улан Бакасов мушташып кете жаздады.
Алар бүгүн жалпы жыйын бүтөрдө сөз талаша кетип бири-бирине жулкунуп жөнөдү эле, кесиптештери кармап калды. Уруш учурунда Бакасов "эу, башыңды жулуп алам" десе, Төлөнов "шакал" деп тап берди.
Эл өкүлдөрүнүн пикир келишпестиги эмнеден чыкканы белгисиз. Төлөнов чыгып баратып, чырдын себебин сураган журналисттерге ооз ачкан жок.
Көп өтпөй эле Бакасов жаңжалдашкан кесиптеши Төлөновдун кабинетине кирип чыкты. Анда ал экөө элдешкенин жана ага-ини бойдон каларын айтты.
Эки депутат тең "Мекенчил" тобунун мүчөсү.
"Тилди кысып сүйлөңүз". Мал уурдагандарды жазалоо эки депутатты айтыштырды. Видео