Ташиев: 90 жаштагы пенсионер болсо да мыйзам бузса жазаланат

Атайын кызматтын жетекчиси мыйзамдуу тартип орномоюн өлкө өнүгө албай турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Камчыбек Ташиев УКМКнын Жайыл райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылышында сүйлөп жатып мыйзам бузган жарандар жаш курагына карабай жазалана турганын белгиледи.
Ал мыйзамдуу тартип орномоюнча өлкө өнүгө албай турганын айткан.
"70 жаштагы пенсионер апаны камап коюптур деп айтып жатышат. Эгер мыйзамды бузса 70 жашка чыгабы, 90 жаштабы же 18, 20 жашта болобу, мыйзам алдында баары бирдей жооп берүүгө милдеттүү. Жалган маалыматтар менен дүрбөлөң салып жатышат. Бир апа Таш-Көмүрдөн болсо, дагы бири Кочкор-Атадан экен. Алар Кыргызстандын ар кайсы жакшы жерлеринин сүрөттөрүн интернетке коюп "ушул жерлерди сатып жиберди" деп улам жазып, коомду дүрбөлөңгө түшүрүүдө. Андайларды жоопко тартабыз. Пенсионер болобу, студент болобу, айырмасы жок, баары мыйзам алдында жооп берүүгө милдеттүү. Коомчулукка дүрбөлөң садырбайбыз. Ошентип жүрүп үч төңкөрүш болду", — деген УКМК төрагасы.
Ал эки жылдан бери мамлекетте УКМКны жана күч түзүмдөрүн чыңдоого 2 миллиард доллардан ашык акча кеткенин да кошумчалаган.
Ташиев: кылмышкерлер гана эмес, аларды колдогондор да жазага тартылат. Видео