Ташиев: кылмышкерлер гана эмес, аларды колдогондор да жазага тартылат. Видео

Ал мамлекетке каршы иштеген мамлекеттик органдардагы кызматкерлер арасында да тазалоо иштери башталарын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кылмышкерлер гана эмес, аларды колдогондор да жазага тартыларын эскертти.
Ал УКМКнын Жайыл райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылышында сүйлөгөн.
"Кээ бирөөлөр уюшкан кылмыштуу топторду жок кылганыбызды ностальгия менен эстеп жатышат. Аларга болушкандай сүйлөп, колдогондор чыгып жатат. Мындан ары кылмышкерлерди колдогондорду да жазалайбыз. Кылмыштуулукту жогорку деңгээлге алып чыгып жаткандарды да жазалаш керек. Уюшкан кылмыштуулукту түп-тамырынан жок кылабыз", — деген Ташиев.
Ошондой эле ал мамлекетке каршы иштеген мамлекеттик органдардагы кызматкерлер арасында тазалоо иштерин баштоо керектигин айтып, аларды жөн эле иштен албай, жоопко тартыш керектигин да кошумчалаган.
Кримчөйрөдөгүлөргө акча бергенди токтоткула! Ташиев ишкерлерге кайрылды