Кыргыз-тажик чырында көзүнөн ажыраган чек арачыга батир берилди. Сүрөт

Чек ара жаңжалында Инхамов минометтун жарылуусунан эки бутунан катуу жаракат алып, колун ок тешип кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жаракат алган чек арачы Таирбек Инхамовго эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырганын УКМКдан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, Ташиев чек арачы Таирбек Инхамов менен жолуккан.
"УКМК төрагасы Инхамовдун ата-энесине ыраазычылык билдирип, ал өсүп келе жаткан муундарга үлгү экендигин белгиледи. Согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады", — деп жазылат кабарда.
Таирбек Инхамов 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда минометтун жарылуусунан эки бутунан катуу жаракат алып, колун ок тешип кеткен. Ошондой эле сол көзүнөн ажыраган. Учурда ал ата-энеси менен жашаары маалым болду.
Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 14 чакырым тилкеси макулдашылды