Депутат Абдалиев мал уурдоо кыз ала качуудан дагы оор кылмыш деп эсептейт

Жыйында демилгечи депутатка кыз ала качуудан да мал уурдоонун жазасы көп болуп кеткени айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев мал уурдоо кыз ала качуудан да оор кылмыш деп эсептейт.
Парламенттин жыйынында Дастан Бекешев учурда кыз ала качууга 7 жыл берилсе, кесиптеши демилгелеп жаткан мыйзам долбоорунда мал уурдоого 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза сунушталганы ашыкча болгонун айткан.
"Сиз капа болбоңуз, бул биздин наркыбыз, салтыбыз болчу. Көпчүлүк ата-бабаларыбыз, анын ичинде биз деле "аял ала качып келдик" деп айтчубуз. Ал биздин салтыбыз болгон. Сиз аны менен салыштырбаңыз. Малды уурдап жатат, аялды уурдап бир жакка алып барып сатпайт да, туурабы? Аны үйлөнүү үчүн алышкан", — деп жооп берди Абдалиев.
Анда Бекешев ала качуу кылмыш экенин жана каада-салтка туура келбей турганын эскертти.
"Тилди кысып сүйлөңүз". Мал уурдагандарды жазалоо эки депутатты айтыштырды. Видео