Абдраев: Кыргызстандын банк системасы Kaspi онлайн-банкынан кем калышпайт

Эксперт өлкөнүн банк сектору Борбор Азиядагы системалар менен кадамдаш баратканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандын банк системасы Казакстандын Kaspi банкынан (ЖМК маалыматы боюнча, өлкөдөгү эң ири онлайн-банк) кем калышпайт. Бул тууралуу өлкөнүн Банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраев FinConference 2023 иш-чарасында билдирди.
Анын айтымында, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир нече жолу коңшу өлкөдөгү Kaspi банкын мисал келтирген.
"Менимче, бүгүнкү күндө Кыргызстандын банк сектору сунуштаган технологиялар Kaspi банкынан кем калышпайт. Кардар базасы боюнча маселе жаралышы мүмкүн, бирок бул башка тема. Анткен менен Кыргызстандын банк сектору Борбор Азиядагы учурда иштеп жаткан системалар менен кадамдаш баратат", — деди Абдраев.
Радио
Кыргызстандыктардын финансылык сабаттуулугуна баа берилди