Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат

Өлкө ичинде үч айдан ашык калуу үчүн сапардын максатына жараша уруксат кагаздарын алууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстанда чет элдик жарандардын жүрүшү боюнча жаңы эреже ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарына да тиешелүү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Россия, Казакстан, Армения жана Беларусь жарандары КР аймагында каттоосуз 90 күн жүрө алат. Бул мөөнөт аяктагандан кийин Кыргызстандан чыгып, кайра кайтуу үчүн тышта дагы ошончо күн жүрүү керек.
Өлкө ичинде үч айдан ашык калууга сапардын максатына жараша уруксат кагаздарын алууга болот.
Мындай документтерге жашаган жери боюнча каттоо, жашап турууга уруксат, убактылуу жашоого уруксат, ошондой эле "Кайрылман" же "Мекен-карта" статусу кирет.
Россия, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь, Грузия, Азербайжан жана Молдова өлкөлөрүнүн жарандарын каттоо алты айдан ашык убакытка берилбейт. Бирок сапардын максатына жараша узартуу укугу бар.
Министрлер кабинети жаңы тартипти 10-октябрда бекиткен.
РФте оор кырдаалга тушуккан кыргызстандыктар кайда кайрылса болот? Даректер