Россиялык "Сбердин" башчысы: Кыргызстан блокчейндин өнүгүү авангардында турат

Блокчейн финансы тармагындагы болочок технологиялардын бири экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстан блокчейн технологиясынын өнүгүү авангардында турат. Бул тууралуу россиялык "Сбердин" (мурдагы "Сбербанк") блокчейн лабораториясынын башкаруучу директору Александр Нам FinConference 2023 иш-чарасында билдирди.
"Менин оюмча, Кыргызстан көптөгөн багыттар боюнча өзүнүн регионунда лидер болуп саналат", — деди Нам.
Анын айтымында, блокчейн — финансы сферасындагы болочок технологиялардын бири. Негизи эле финансы дүйнөсү катуу өзгөрүп жатат. Мисалы, кээ бир учурларда банктардын кереги жок болуп калды. Финансылык транзакцияларды жүргүзүү үчүн эми криптовалюта бар. Нам "Сбер" көптөн бери Кыргызстан менен кызматташып келерин белгиледи.
"Биздин өз компетенциябыз бар, аны менен бөлүшүүгө даярбыз. Ошону менен катар өнөктөш катары сиздерден дагы үйрөнгүбүз келет. Буга чейин айткандай эле Кыргызстан блокчейндин өнүгүшү боюнча авангардда турат", — деди "Сбер" лабораториясынын башчысы.
Ал ошондой эле Кыргызстанда санарип сом боюнча иш жүрүп жатканын кошумчалады.
Абдраев: Кыргызстандын банк системасы Kaspi онлайн-банкынан кем калышпайт