Кыргызстандын банктарына автокредитти онлайн берүү кызматын кошуу сунушталды

Бийлик жакында эле транспортту мамлекеттик банктардын бири аркылуу онлайн каттай алгыдай шарт түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Көрсөтүп жаткан кызматтарын мамлекеттик системага киргизиши үчүн Кыргызстандын банктарына ага кирүүгө уруксат берилет. Бул тууралуу президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев FinConference 2023 иш-чарасында билдирди.
Анын айтымында, бийлик жакында эле транспортту мамлекеттик банктардын бири аркылуу онлайн каттай алгыдай шарт түзгөн.
"Эртең, 20-октябрда, биз транспортту каттоо боюнча жаңы сервиске жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн кызыкдар болгон бардык банктарды Санариптик өнүктүрүү министрлигине чакырабыз. Тагыраагы, мында банктар мамлекеттик системага кирип, ал жактан автоунааны каттап, аны менен катар автонасыя, салык төгүү сыяктуу өздөрүнүн кызматтарын онлайн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат", — деген Буржуев.
Кыргызстандын банктары акчаны кайда жумшоосу керек? Эксперттин кеңеши