Бишкек — Ош жолунда кар көчкүдөн коргой турган тоннель ачылды. Сүрөт

Аталган курулушка каражатты Япония өкмөтү гранттык макулдашуунун негизинде бөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкүдөн коргой турган тоннель ачылганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Бишкек — Ош жолунда кар көчкүдөн коргой турган тоннель ачылганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады

2 / 3

Билдирмеге караганда, жаңы тоннель жолдун 246-чакырымында жайгашкан

3 / 3

Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, Япониянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирген

Билдирмеге караганда, жаңы тоннель жолдун 246-чакырымында жайгашкан. Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, Япониянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирген.
"Тоннелди республиканын уникалдуу курулуштарынын катарына ишенимдүү түрдө кошсо болот", — деген Жапаров.
Кар көчкүдөн коргоочу тоннель 2019-жылдын майы айында салынып баштаган. Аталган курулушка каражатты (39,2 миллион долларды) Япония өкмөтү гранттык макулдашуунун негизинде бөлгөн. Тоннель өзгөчө кырдаал жана жаратылыш кырсыктарынан улам жаралган тобокелдикти азайтуу максатында салынып, толугу менен бүткөнү айтылды.
"Кумтөр" кийинки жылы Бишкекте жаңы кеңсесинин курулушун баштайт