БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. УКМК маркум Камчы Көлбаевдин мүлкүн аныктоо уланып жатканын айтып, тиешеси бар делген бир катар эс алуу борборлорун тизмектеди.
Аныкталган мүлк:
"Илбирс-Саадат" эс алуу борборундагы коттедж;
Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору;
"Коста Браво" эс алуу борборундагы коттедж;
"Бурана Резорт" эс алуу борбору.
Атайын кызмат Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо" фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүү улана турганын кошумчалаган.