ЖК депутаты айланма жолдогу ылдамдыкка коюлган чектөөгө нааразы болду

Эл өкүлү 2019-жылы айланма, эл аралык жолдордо саатына 110 чакырым деген токтом кабыл алынганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Кыргызстандын түндүгүнө кетчү айланма жолдо саатына 90 чакырым деген чектөөгө каршы экенин билдирди.
Ал жай бою Ысык-Көлгө кетчү жолдун эки тарабында тең унаа ылдамдыгын каттаган 10дон кем эмес үч буттуу камералар турганын белгилеген.
"Бул эмне деген ачык бизнес? Эмне ушул жол эле кооптуу болуп, Ош — Бишкек жолу кооптуу эмеспи? Эмнеге бул жабдууларды ал жакка коюшпайт? Бул ачык бизнести токтотуш керек. Саатына 90 чакырым деген — эскирип калган чектөө. Аны мурда Советтер Союзу мезгилинде "Волга", "Жигули" деген машиналарга койчу. Азыр автоунаалар жаңы, жолдор жакшы", — деген депутат.
Эл өкүлү 2019-жылы айланма, эл аралык жолдордо саатына 110 чакырым деген токтом кабыл алынганын айтып, бирок документте жазылгандар иштебей жатканын кошумчалаган.
Радио
Касмамбетова: мектептин жанында ылдамдыкты саатына 30 чакырымга азайтуу керек