"Тилди кысып сүйлөңүз". Мал уурдагандарды жазалоо эки депутатты айтыштырды. Видео

Эл өкүлү мал уурдоого берилчү жаза мөөнөтү адам уурдоодон дагы көп болуп калганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Парламентте мал уурдагандардын жазасын күчөтүү мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда эки депутат айтыша кетти.
Дастан Бекешев бир үйүр мал уурдагандарга 12 жылдык жаза берүү сунушуна макул болгон жок. Ал бир нече адамды уурдагандар 10 жылга кесилерин айтып, адамдын өмүрүнөн мал кымбат болуп калганын белгилеген.
"Кыз ала качууга да 7 жыл, бир мал уурдоого 8 жыл берилет экен. Менимче, бул туура эмес, жаза ашыкча болуп кетти. Өтө оор кылмыш кылгандай жазылыптыр", — деди Бекешев.
Долбоордун демилгечилеринин бири Сүйүн Өмүрзаков мындай норма мурдагы Кылмыш-жаза кодексинде болгонун белгиледи. Максаты кылмыштуулукту азайтуу деп эсептейт.
"Убагында башка жактын мыйзамдарын бизге чаптап, мал уурдоо беренесин алып салышкан. Биз тоолуу аймактабыз, элибиз мал чарбачылыгы менен алектенет. Андыктан мал уурулук беренеси болушу керек. Эгер жазасы көп болсо кылмыш кылбасын, башкага салыштырбаңыз. Биз ушинип алдын алабыз. Андай болсо адам өлтүрүү беренеси боюнча жазаны көбөйткөн мыйзам долбоорун жазыңыз", — деди Өмүрзаков.
Андан соң Бекешев бул демилгеге башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкобаеванын позициясын сурады эле, каршы корутунду беришкенин айтты.
Депутат ушундай эле жүйө менен анын мыйзамсыз курулуштар тууралуу долбоорун Өмүрзаков жетектеген комитетте четке кагып, эки жүздүүлүк кылышканын билдирди.
Кесиптеши ага "тилди кысып, бөйрөктөн шыйрак чыгарбай сүйлөңүз" деп жооп берди.
Депутат Көкүловдун министр Иманалиевдин кабинетиндеги чыры. Видео