Бишкекте Жогорку сот, Ленин райондук соту курчоого алынды. Видео

Кызматкерлер эвакуацияланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкекте Жогорку соттун, Ленин райондук сотунун жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имараттарына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшүп, имараттар курчоого алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Бомба боюнча милицияга саат 09:00дөр чамасында кабарлашкан.
Окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн башчылары, ыкчам тергөө топтору барып, аймакты курчоого алып, ал жактагы кызматкерлерди эвакуациялап жатканы айтылды.
ШИИБ кошумча маалымат берилерин билдирди.
ИИБ: "Алкан" базарындагы бомба тууралуу маалымат тастыкталган жок