Бишкек мэриясы айдоочуларды жумушка чакырат. Айлыгы 50 миң сом

Жумушка 21ден 60 жашка чейинки айдоочулар алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы 21ден 60 жашка чейинки айдоочуларды жумушка чакырат.
В жана С категориясына ээ айдоочулар үчүн D категориясына акысыз окутуу жана практика каралган.
"Курсту аяктагандан кийин расмий жумушка орнотууга жана татыктуу эмгек акы берүүгө кепилдик беребиз", — деп айтылат маалыматта.
Айдоочулардын айлыгы 50 миң сомду түзөт.
Бардык суроолор боюнча 0312 531768, 0550 553444 же 0555 525 452 (Whatsapp) номерлерине кайрылууга болот.
Бишкекке дагы 58 жаңы автобус алып келинди. Сүрөт