БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкек ШИИБ ордо калаада бир канча жерге бомба коюлганы тууралуу маалымат тастыкталбаганын билдирди.
Эске салсак, бүгүн эртең менен милицияга Октябрь, Биринчи май жана Ленин райондук сотторунда, Жогорку сотто, Санариптик өнүктүрүү министрлигинде жана "Азия Молл" менен ЦУМ соода борборлорунда жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерлерге райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары, ыкчам тергөө кызматынын топтору барган. Аталган аймактар курчоого алынып, анда иштегендер эвакуацияланып, жеринде кинологдор иштеген.
"Бир да жерден бомба же күмөндүү нерсе табылган эмес. Бомба коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок", — деп айтылат кабарда.
Жалган маалымат тараткандар боюнча ишти эми УКМК карай турганы кошумчаланды.