Радио

Депутат: биологиялык коопсуздук боюнча мыйзам кабыл алууда өлкө кечигүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова "Биологиялык коопсуздук жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтсө, бул боюнча дагы ондогон мыйзам жазыларын айтты.
Sputnik
Кыргызстан 2005-жылы биологиялык коопсуздук боюнча эл аралык келишимге, Картахен протоколуна, кошулган. Андан бери 18 жыл өтсө да өлкөдө бул багытта эч кандай иштер жасалган эмес. Бул тууралуу Динара Ашимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору өтсө, алкактык мыйзам болуп саналат.
"Биологиялык коопсуздук боюнча учурда бизде бир да мыйзам жок. Ошондуктан сырттан кирген азык-түлүктөн тарта аскерий багыттагы биологиялык коопсуздугубузга чейин көйгөйлөр бар. Кыргызстан башка мамлекеттерге салыштырмалуу бул жаатта кеч ойлонуп жатат. Ошентсе да маселени колго алып, ишти баштасак өлкөнүн биологиялык коопсуздугун 5-6 жыл аралыгында иреттеп алууга мүмкүн болот. Азыр биз сунуштап жаткан "Биологиялык коопсуздук жөнүндө" мыйзам долбоору өтсө, ал алкактык мыйзам болуп саналат. Анын артынан, эсептеп көрсөм, 17 кошумча мыйзам жазылышы керек экен. Ошол эле аскерий багыттар боюнча, биолабораториялардын ишмердүүлүгү, тамак-аш коопсуздугу, айтор, бардык тармактарды камтыган мыйзамдарды иштеп чыгуу керектелет", — деди Ашимова.
Ал кыргызстандыктарды коомдук талкууда турган мыйзам долбоорун активдүү талкуулоого чакырды.