Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Байден Киев үчүн Конгресстен 60 млрд. доллар сурашы күтүлүүдө

Байдендин администрациясы сурамды жума күнү расмий жөнөтүшү мүмкүн экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Конгресстен Украина үчүн 60 миллиард, Израиль, Тайвань жана Мексика менен Американын чек арасын коргоо үчүн 40 миллиард доллар сураары күтүлүп жатат. Бул тууралуу NBC News телеканалына таянуу менен РИА Новости жазды.
Буга чейин Bloomberg өзүнүн маалымат булагына таянып Байден америкалык Конгресстен кошумча 100 миллиард доллар сурай турганын, каражат Украина, Израиль жана Тайвань үчүн аскердик жардам көрсөтүүгө жумшаларын билдирген.
"Ишенимдүү тараптардын берген маалыматы боюнча, кошумча каржылоонун пакети аягына чейин иштелип чыга элек, бирок Украина үчүн 60 миллиард доллар сураары күтүлүп жатат. Калган акча, болжолдуу 40 миллиард доллар, Израилге, Тайванга жана АКШ менен Мексиканын чек арасына жумшалмакчы", — деп билдирди телеканал.
Байдендин администрациясы сурамды жума күнү расмий жөнөтүшү мүмкүн экени айтылды.
Россия буга чейин Украинага курал-жарак жөнөткөн НАТО мамлекеттерине нота жөнөткөн. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Кремль Батыштын Киевди курал-жарак менен жабдуусу орус-украин сүйлөшүүлөрүн улам артка тартып, натыйжасы кесепеттүү болорун айтып келет.
Путин Байдендин Россияны басып коюуну кыялданган сөзүнө жооп берди