Радио

Министрлик: Кыргызстан ЕАЭБде балык экспорту боюнча атаандаша алат

Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов ЕАЭБ алкагында балык чарбаларына бирдей шарттар түзүлүп, бизнеске жеңилдиктер берилерин айтты.
Sputnik
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин рыногунда балыктын экспорту менен атаандаштыкка туруштук бере алат. Бул тууралуу Эдил Ниязов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн товардык балык экологиялык таза шартта багылып, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу сапаты жогору бааланат.
"Кыргызстанда балык чарба субъектилери жылдан жылга көбөйүп жатат. Албетте, бул көрүнүш жакшы болгону менен сапат маселесине кедергисин тийгизиши ыктымал. Биз ЕАЭБге жаңы киргенде ишкерлерге преференция берилип, бир топ шарт түзүлгөн. Ошол учурда түптөлгөн чарбалар учурда ири көлөмдө экспорттоп, киреше алып келүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин рыногунда балыктын экспорту менен атаандаштыкка туруштук бере алат. Анткени бизде өндүрүлгөн балык экологиялык таза, тоолуу шартта багылат", — деди Ниязов.
Ошондой эле адис балык чарба субъектилери ички рынокту да эске алып, балык продукциясын сатыкка коюшу керектигин кошумчалады.