Товарды маркалоо ЕАЭБ алкагында экспортко шар чыгууга жол ачат. Маек

ЕАЭБ алкагында товарларды маркалоо талабы өндүрүшчүлөр арасында ар кандай пикирлерди жаратты. Экспортко чыгарууда жана көмүскө экономиканы жоюуда маркалоонун пайдасы чоң. Өкмөт бул жаатта кандай иштерди жасап жатканы кызыктырат.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Мамлекеттик салык кызматынын акциздик товарларды көзөмөлдөө жана маркалоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Акматов болду.
— Буга чейин ЕАЭБ аймагында товарларды маркалоо эрежелери да бирдиктүү болору айтылган. Бул жаатта кандай иштер аткарылып жатат?
— Идентификациялык каражаттар менен маркалоо иштери жүрүүдө. Учурда ал алкоголдук ичимдиктер менен тамеки продукциясына киргизилген. 2021-жылдын 1-июнунан бери бул товарлар милдеттүү түрдө маркаланат. Учурда пилоттук долбоор менен сыра, курамында никотини бар электрондук чылымдардын түрү жана алкоголсуз суусундуктарды маркалоо иши жүрүүдө. Бул милдеттүү түрдө маркалоого кирер-кирбесин өкмөт чечет.
— Кандай кыйынчылыктар жана кемчиликтер болууда?
— 2018-жылы Евразия биримдигине кирген өлкөлөр товар маркалоонун бирдиктүү эрежелери тууралуу келишимди колдоп, кабыл алышкан. Маркалоо процессин киргизүү татаалыраак жана системанын жасалышы бир аз оор. Ошондуктан маалыматтык система кыйынчылыктарды жаратат. Бирок иш жүрүүдө. Мындан тышкары, бизнесмендер пилоттук долбоорго пассивдүү мамиле жасоодо. Учурда 12 ишкердик субъект долбоорго катышып жатат. Алардан 100 миңге жакын тесттик код маркалар алынып, продукцияга чапталган.
Мамлекеттик салык кызматынын акциздик товарларды көзөмөлдөө жана маркалоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Акматов
— Маркалоо процессинин татаал экенин айтып жатасыздар. Жөнөкөй жарандар үчүн да түшүндүрмө берсеңиз?
— Жаңы технологиялардан алыс адамдардын түшүнүшү кыйын. Ал эми көмүскөдө иштегендер бул процессти киргизүүгө каршы. Анткени кошумча акча төлөөдөн качышат. Бирок маркалоо бюджетке пайда, элге сапаттуу продукция алууга шарт түзөт. Мында продукция өндүрүлгөндөн тартып, кардарга жеткенге чейин көзөмөлдөнөт. Азыр товарды жалпысынан көзөмөлдөй алабыз, бирок ар бирин текшерип кароого мүмкүнчүлүк жок. Бүгүнкү күндө товар маркалоонун эки этабын ишке киргиздик. Алар марка чаптоо жана электрондук товардык коштомо кагаз (накладной) аркылуу көзөмөлдөө. Мындан тышкары, App Store жана Play Market тиркемелеринде "Текшер" деп аталган мобилдик тиркемебиз бар. Бул экспортчуларга да жеңилдик берет. Анткени ЕАЭБ алкагында бирдиктүү эреже иштейт. Бири-бирибиздин код маркабызды тааныйбыз. Бизнес субъект өз өндүрүшүн ушул беш өлкөгө алып барып сата турган болсо, Кыргызстандын коду менен сата берет. Башкача айтканда, ата мекендик өндүрүшчүлөрдө атаандаштыкка туруштук берүүгө жол ачылат. Үчүнчү мамлекеттердин ишкерлеринде мындай мүмкүнчүлүк жок.
— Көмүскө экономикадан арылууну максат кылып жатабыз. Экспорт үчүн тигүү жаатына маркалоо качан кирет?
— Бүгүн текстиль жааты милдеттүү түрдө маркаланбайт. Бирок ишкердин жеке каалоосу менен маркалоого болот. Себеби ЕАЭБ ичинде өндүргөн продукциясын экспорттоону каалаган өндүрүшчүлөргө тоскоолдук жаралбашы керек. Россияда тигүү тармагы 2021-жылдан бери милдеттүү түрдө маркалоого алынган. Мунун катарында бут кийим продукциясы да бар. Бизден да бут кийим, сүт продукциясы Россияга экспортко чыгат.
Ал эми ЕАЭБде бирдиктүү эреже катары дары-дармек, алкоголдук ичимдиктер менен катар техникалык жабдыктарды маркалоо да каралган. Учурда Армениянын сунушу менен телефон, ноутбуктарды маркалоо киргизилди. Армения өзү 2024-жылдан баштаганы турат. Калган өлкөлөр өкмөтү чечим кабыл алгандан тартып киргизе беришет. Кыргызстанга бул азырынча милдеттүү эмес болгондуктан каалаган учурда кабыл алсак болот. Ушу тапта атыр, бут кийим, машинанын дөңгөлөктөрүн жана сүт продукцияларын маркалоону карап жатабыз. Азырынча техникаларды маркалоо боюнча эч ким кайрыла элек. Кыргызстандын экспорттук потенциалын көтөрүү жаатында дайыма жумуш жүргүзүп келебиз.
Түндүк — Түштүк соода коридорунан АКШ эмнеге чочулоодо. Эксперттердин маеги
— Маркалоо боюнча техникалык регламенттер барбы?
— Биринчиден, идентификациялоо, маркалоо боюнча техникалык регламент жок. Ар бир товардык топтун өзүнүн техрегламенти бар. Ал эми маркалоо 2018-жылы Алматыда кабыл алынган келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын чечими менен маркалоонун базалык моделинин негизинде иш пландар кабыл алынат. Бул негизги документ болуп эсептелинет.
— ЕАЭБдин ичинде процесс канчалык деңгээлде көзөмөлдөнүп, аткарылууда?
— Маркалоо боюнча бүгүн уюмга кирген өлкөлөр арасында Россия локомотив катары үлгү көрсөтүп, учурда 14 товар боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Жаңы товардык топтор тууралуу демилгени да Россия көтөрүүдө. Көп мамлекеттер бул өлкө менен соода-сатык жүргүзүүнү токтоткону үчүн биздин экспортёрлорго мүмкүнчүлүк жаралып жатат. Ошол себептен өндүрүшчүлөргө маркалоо жаатында жардам берип келебиз.
— ЕАЭБдин ичинде маркалоо боюнча Кыргызстандын орду кандай?
— Жумуш токтогон жок. Өнөктөштөрдөн калбаганга аракет жасап жатабыз. Ошентсе да бул процессти алда качан жолго коюп алган өлкөлөр бар. Анткен менен биз тамеки жана алкоголдук ичимдиктер боюнча алдыдабыз. Сыраны көбүнчө көмүскө өндүрүп келишсе, эми 9 айдын жыйынтыгы менен сырадан түшкөн акциздик киреше 3,5 эсеге көбөйдү. 2024-жылдан баштап алкоголсуз ичимдиктерди маркалоодон да жакшы киреше түшөт деген ниеттебиз. Техникалык жактан даяр болгонубуз менен азырынча милдеттүү түрдө текши маркалоону кабыл ала элекпиз. Ишкерлер арасында да түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк өлкө аймактарына жайылтылат. Эксперттин маеги