БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан Тоголок алтын кенин көздөй жол салына баштаганын "Кумтөр" компаниясынын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, алтын кенин иштетүүгө компания Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынан лицензия алган.
"Компаниянын байланыш адистери, жолчулар, энергетиктер, геологдор, тоо инженерлери жана экологдордон турган биринчи экспедиция 2023-жылдын 1-сентябрында Тоголок кенине барган. Бир нече күндүн ичинде жолдун абалы изилденип, аймакка топографиялык изилдөө жүргүзүлүп, керектүү үлгүлөр алынып, техникалык өлчөөлөр жасалган. Долбоор боюнча документтер иштелип чыгып, жол салуу үчүн учурда жүк ташуучу жана атайын оор техникалар тартылды", — деп жазылат маалыматта.
Компания алтын кенине барчу жолдун узундугу 37 чакырымды түзөрүн айтып, ортосунда эки ашуу жана бир нече тоо дарыялары бар экенин белгиледи.