"Түркиядан жогол, канкор Америка!" Стамбулда өткөн митингдин видеосу

Ракета тийген Газадагы ооруканада 500дөн ашык адам каза болгондугуна байланыштуу Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде митингдер жана башаламандыктар болду.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Стамбулда "Түркиядан жогол, канкор Америка!" деген лозунг менен АКШнын консулдугунун алдында акция өттү.
РИА Новости жазганына караганда, шаршембиге караган түнү демонстрацияга чогулуу чакырыгын Стамбулдун миңдеген тургундары колдогон. Ал жерде түрдүү атрибуттар сатылып, демонстранттардын колунда ар кайсы мамлекеттердин желектери, түрдүү топтор менен уюмдардын символдору болгон.
Газага гуманитардык коридор ачуу жана ал жакка түрк аскерлерин палестиналыктарга жардам берүү үчүн жөнөтүү чакырыктары жаңырды. "Алла улук" деген такбир өзгөчө көп жаңырып, Израилди каргап жатышты. Түн жарымда АКШнын консулдугуна жакындаган элдин тобуна полиция көздөн жаш агызуучу газды колдонду. Каршылык акциясы Түркиянын башка шаарларында жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде жүрүп жатат.
Газадагы ооруканада каза болгон жүздөгөн адам
Буга чейин Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Израиль Газа секторундагы "Аль-Ахли" ооруканасына сокку уруп, кеминде 500 адам каза болгонун билдирген. Палестинанын президенти Махмуд Аббас үч күндүк аза күтүү күнүн жарыялады. Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, көз жумгандардын көбү аялдар менен балдар. Ал эми Израилдин i24 телеканалы Израиль армиясынын алгачкы иликтөөсү ХАМАСтын ийгиликсиз учурган ракетасы ооруканага барып тийгенин көрсөттү деп кабарлады. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Израилдин армиясы трагедияга "Ислам жихады" тобун күнөөлөп чыкты. Аталган топ муну жалган жалаа деп атоодо.
РФ ТИМи Израилди ооруканага сокку урбаганын сүрөт менен далилдөөгө чакырды