БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кытай идеологиялык тирешүүгө, геосаясий оюндарга, блокко бөлүнүп каршылашууга аралашпайт. Бул тууралуу өлкө лидери Си Цзиньпин Пекинде өтүп жаткан жогорку деңгээлдеги "Бир алкак — бир жол" форумунун салтанаттуу ачылышында сүйлөп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Кытай бир тараптуу санкцияларга, байланыштардын үзгүлтүккө учурашына да каршы.
"Кытай жалгыз өзү үчүн изоляцияланган модернизациялоону кабыл албайт, аны өнүгүп келе жаткан көптөгөн мамлекеттер менен чогуу ишке ашырууга умтулат. Модернизация өз ара пайдалуу болушу кажет", — деди КЭР лидери.
Си Цзиньпин Кытай "Бир алкак — бир жол" демилгесинин алкагында бардык тараптар менен биргеликте өнөктөштүктү тереңдетип, долбоорду жаңы баскычка көтөрүп, бардык мамлекеттердин өнүгүшү үчүн тынымсыз аракет көрөрүн белгиледи.
Эскерте кетсек, "Бир алкак — бир жол" Кытайдын учурда иштеп жаткан соода-транспорттук коридорлорду жакшыртуу жана жаңыларын түзүү боюнча эл аралык демилгеси. Ал Борбордук Азия, Европа жана Африканын 60тан ашуун өлкөсүнүн башын бириктирип, Кытай менен соода мамилесин өнүктүрүүгө өбөлгө болмокчу.
Аталган форум быйыл үчүнчү ирет өтүп жатат. Ага жогорку даражалуу конок катары Россия президенти Владимир Путин да чакырылган. РФ лидери иш-чаранын ачылыш аземинде Си Цзиньпинден кийин сүйлөгөн.