БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратын Ынтымак-Манас Ордо деп атоону сунуштаганын соцтармактагы баракчасына жазды.
Буга чейин президент жаңы имараттын курулушу аяктап калганын айтып, ага ат сунуштоону суранган.
"Сунушталган варианттардын ичинен Ак Ордо, Кут Ордо, Айкөл Ордо жана Ынтымак Ордо көбүрөөк аталыптыр. Ынтымак Ордосу болсун деген жеке менин сунушум эле. Көпчүлүктүн сунушунан улам дагы бир атты кошуп, Ынтымак-Манас Ордосу десек ылайык болчудай. Ушул Ынтымак-Манас Ордобузда түбөлүк ынтымак орноп, келечекте дайыма элдин башын бириктирип турган, журт керегине жараган Манастай айкөл, баатыр уулдар чыгып турсун деп эл сунуштаган Манас атабыздын атын дагы кошуп койсок ашыкча болбос. Ынтымак-Манас Ордобузда жолубуз шыдыр, жолдошубуз Кызыр алейхисалам болсун!" — деп жазган президент.
Өлкө башчы президенттик администрациянын имаратына эл тарабынан 108 вариант сунушталганын айтып, аларды да тизмектеген.