Путин: Кытай менен Россия узак мөөнөттүү экономикалык прогресске умтулат

РФ лидери Кытайдын пландаган иштеринин турмушка ашуусуна тилектештигин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Кытайдын өнүгүү боюнча мындан аркы пландарына ийгилик каалап, бул өлкөнүн мерчемдеген нерсеси канчалык кыйын болсо да ишке ашарын белгилеген. Бул туурасында ал Пекинде өтүп жаткан "Бир алкак — бир жол" эл аралык форумунда сүйлөп жатканда айткан.
"Ар бирибиз чоң иштерди баштаганда, албетте, ийгиликтүү болот деп изги тилек кылабыз. Бирок глобалдуу көйгөйлөр арбып турганда Кытай 10 жыл мурда демилгелеген, ачыгын айтканда, аткарылып кетиши суроо жараткан нерсенин баары ишке ашып жатат. Биздин кытайлык досторубуздун долбоорлору алдыга жылууда", — деген Путин.
Ал Кытайдын пландаган иштеринин турмушка ашуусуна тилектештигин билдирди.
"Биз ийгиликтериңерге кубанычтабыз, себеби мунун баары көбүбүзгө да тиешелүү", — деп кошумчалаган Россия лидери.
Путин Россия менен Кытай узак мөөнөттүү экономикалык прогресске, социалдык бакубаттуулукка жетишүү үчүн өз ара кызматташууга умтуларын белгилеген.
"Дүйнөнүн башка өлкөлөрү сындуу эле Россия менен Кытай цивилизациялык көп түрдүүлүк менен ар бир мамлекеттин өнүгүүсүнүн өздүк моделине урмат менен мамиле жасап, узак мөөнөттүү экономикалык прогресске, жалпы туруктуулукка, социалдык бакубаттуулукка жетишүү үчүн тең укуктуулукка, өз ара пайдалуу кызматташууга умтуларын бир нече ирет белгилегенбиз", — деген Путин.
Путин: ЕАЭБ менен Кытай кызматташтыгы барган сайын күч алууда