БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Газадагы ооруканага урулган соккуну трагедия жана гуманитардык апаат деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Кытайга болгон сапардын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында россиялык лидер трагедиялуу окуя жаңжалды токтотуу үчүн белги болоруна үмүт арткан.
"Бул өтө жаман көрүнүш. Жүздөгөн адам каза таап, жүздөгөн киши жаракат алды. Бул, албетте, апаат. Окуя жаңжалды тезирээк токтотуу үчүн белги болот деп абдан үмүт кылам. Кандай болгон күндө дагы бул ишти кандайдыр бир байланыштардын жана сүйлөшүүлөрдүн башталышына алып келиш керек", — деди ал.
Мындан тышкары, Путин палестин коомчулугу биримдикке умтулушу зарылдыгын, бирок бул "өздөрүнүн иши" экенин белгиледи.
Анын айтымында, Россия ар дайым суверендүү Палестина мамлекетин түптөөнү колдоп келген. Азыркы кризис Палестина мамлекетин түзүүгө шарт түзөр-түзбөсү белгисиз.