Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишкерлик тармагына жакшы бир жөрөлгө киргизип, орус-кыргыз ишкерлерин бир эле Бишкекте эмес, аймактарда кезигүүсүнө аянтча түзүп берип отурат. Конференциялар фонддун уюштуруусу менен өткөн жылдары Ысык-Көлдө, андан соң Ош шаарында болсо, эми Жалал-Абадда өтүп жатканы абдан туура. Мындай пикирин Рахат Жунушбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган конференциянын алкагында эки өлкөнүн бирдиктүү өндүрүш кооперативдерин түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
"Мен лифт чыгарган заводдун жетекчиси болгондуктан ушул тармак боюнча айткым келет. Биз сырьёну Россиядан алабыз жана даярдалган продукциянын көпчүлүк бөлүгү ушул өлкөгө экспорттолот. Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алып учурда жылына 500 даана лифт чыгарып жатабыз. Бирок бул көлөмдү көбөйтүү зарылчылыгы турат. Башкача айтканда, Россиядан да, биздин өлкөдөн да, ал тургай үчүнчү мамлекеттерден да биздин товарга суроо-талап жогорулап жатат. Ошондуктан жылына 1000 даана лифт чыгарууну пландап жатабыз. Мындай учурда өндүрүш тармагы эми гана жанданып келе жаткан Кыргызстандагы жалгыз лифт чыгарган ишкана катары россиялык кесиптештерибиз менен тажрыйба алмашып, алака түзүп иштешкибиз келет. Ал үчүн баарыбыздын башыбызды бириктире турган кооперациялар керек. Россия Федерациясынын ар кайсы аймактарынан келген ишкерлердин да каалоосу ушундай экен. Биз бул багытта бир топ жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк", — деди Жунушбаева.
Ал ошондой эле ЕАЭБ алкагында да уюмга мүчө өлкөлөр ишкерлик багытында кооперацияларды түзүшүнө бир топ ыңгайлуу шарттар каралганын кошумчалады.