Казакстанда адам органын сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Видео

Шектүүлөр адам органдарын 21 миң долларга чейин баалашканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Казакстанда адам органын сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалганын Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram каналы жазды.
Билдирмеге караганда, колго түшүрүлгөн 22 адамдын арасында медиктер, нотариус, донор жана сатып алуучулар бар. Алар адам органдарын 21 миң долларга чейин баалашканы айтылды. Бул сыяктуу 8 факт аныкталган. Шектүүлөр Алматы шаарынан жана Алматы, Жамбыл, Түркстан облустарынан колго түшүрүлгөн.
Белгилей кетсек, Казакстанда адам органын сатуу, сатып алууга тыюу салынып, бул үчүн 12 жылга эркинен ажыратуу каралган.
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү. Жыйынтыгы