Депутаттар Палестинага маянасын которууну, ТИМде эсеп ачууну сунуштады

Эл өкүлдөрү кыргызстандыктар согуштан жабыркагандарга кантип жардам көрсөтөрүн билбей жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары министрлер кабинетине Палестина элине жардам жөнөтүү жолун табууну сунуштады.
Эл өкүлү Жаныбек Кыдыкбаев депутаттарды бир күндүк маянасын Палестина элине которууга чакырды.
Ал эми Жалалидин Нурбаев эл согуштан жабыркагандарга кантип жардам берерин билбей жатканын айтып, ТИМге атайын эсеп ачууну сунуштады.
"Палестинага кандай жол менен жардам берсек болот деп бизге көп кайрылып жатышат. Тышкы иштер министрлигинде эсеп ачылса Кыргызстан элинин атынан Палестинада кыйналып жаткан боордош туугандарыбызга жардам катары жөнөтсөк", — деди Нурбаев.
Андан соң спикер Нурланбек Шакиев кайдыгер карабай, сөзсүз түрдө Палестинага гумжардам жөнөтүү керектигин белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстан согушту каалабаган, тынчтыкты сүйгөн эл экенин айтып, согуштун токтошун жана бардык маселе дипломатиялык жол менен чечилишин талап кыларын билдирди.
БУУ Израилдин Газага урулган соккуларын согуштук кылмыш деди