Бишкек мэриясы эскилиги жеткен автотранспортторду аукционго койду

Аукционго катышууну каалагандар 13-ноябрга чейин талап кылынган документтерди тапшыруусу зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти 27-ноябрда эскилиги жеткен 165 даана автотранспорт каражатын сатуу боюнча ачык аукцион жарыялай турганын билдирди.
Унаалар "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" менен Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкармалыгынын балансында турат.
Буга чейин президент Садыр Жапаров келе турган автобустарды жайгаштыруу үчүн эскилиги жеткен автотранспортторду утилизациялоо жөнүндө тапшырма берген. Аукцион ошол милдеттенмени аткаруу үчүн уюштурулат.
Ачык аукционго катышуу үчүн мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
ЛОТтун номерин көрсөтүү менен ачык аукционго катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;
арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документ;
арыз берүүчү юридикалык жактын жетекчиси экендигин ырастоочу документ;
кепилдик төлөмдүн (депозиттин) төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.
Документтер 2023-жылдын 13-ноябрына чейин Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246 дареги боюнча кабыл алынат.
Бишкекке дагы 58 жаңы автобус алып келинди. Сүрөт
Теги: Бишкек мэрия автобус аукцион