БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери жумушунан четтетилгенин УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, алар ведомстволук ички буйрукту бузуп, кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов менен тыгыз байланышта болушкан.
УКМК учурда мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланып жатканын белгиледи.