БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы косметологиялык салондордун кооптуулугу тууралуу коңгуроо какты.
Ал Студенттер бейтапканасынын директоруна таянып, жаштар арасында гепатиттин С түрү менен кургак учук кескин көбөйүп жатканын билдирди. Буга косметологиялык кабинеттер санитардык нормаларды сактабаганы себеп болууда.
"Лицензия албай, медициналык билими жоктор эле адамдын жүзүн өзгөртүүчү ар кандай операцияларды жасап жатат. Алар Кыргызстанда катталбаган препараттарды колдонушат. Өздөрү жасап алган сертификаттарды эле чет өлкөдөн алдым деп көрсөтүшөт. Социалдык баракчасына фотошопто жасалган сүрөттөрдү жарыялап алдашат. Аягында жарандар ден соолугунан ажырап калууда", — деди эл өкүлү.
Депутаттын айтымында, мындай башаламандыкты дароо токтотууга Саламаттык сактоо министрлигинин укугу жок. Андыктан төрагадан тийиштүү органдардын баарына бул маселеге көңүл бурууга тапшырма берүүнү суранды. Анын ичинде Саламаттык сактоо министрлиги косметологиялык салондорго рейд жүргүзүп, текшерип чыгышын сунуштады.