68 жыл мурда Каховка ГЭСи курулган. Тарыхый видео

1955-жылы 18-октябрда Каховка ГЭСинин алты турбинасынын алгачкысы ишке киргизилген. Sputnik окумандарга аталган ири объект тууралуу тарыхый видеону сунуштайт.
Sputnik
Каховка ГЭСи Украинадагы ири 10 гидроэлектр станциясынын катарын толуктачу. Бирок 2023-жылдын 6-июнунда украиналык аскер күчтөрү плотинаны талкалап, Каховка ГЭСи жок кылынды.
Адамзатка кызмат кылат деген изги тилек менен курулган ГЭС, тилекке каршы, адамдардын "жакшы эмес аракеттеринин" кесепетинен башкалардын өмүрүн кыйды. Тагыраагы, украиналык аскер күчтөрү плотинаны талкалап, суу ташкыны эбегейсиз чоң аймакты каптап, 57 киши көз жумду.
БУУнун эсебинде Каховка плотинасынын бузулушунан жаралган чыгым 14 миллиард доллар деп бааланууда.