Мамлекеттик ипотекалык компания Жалал-Абадда көп кабаттуу төрт үй кура баштады

Ипотекага берилчү үйлөр эми аймактарга да салынмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компания Жалал-Абад шаарында 9 кабаттуу төрт үйдүн курулушу башталганын билдирди.
1 / 4

Мамлекеттик ипотекалык компания Жалал-Абад шаарында 9 кабаттуу төрт үйдүн курулушу башталганын билдирди

2 / 4

Курулуштун капсуласын салуу аземине катышкан МИКтин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов бул үйлөр "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасынын алкагында 25 жылга ипотекага берилерин айтты

3 / 4

Курулуш иштерин 2024-жылы бүтүрүү пландалган. Анда 1, 2, 3 бөлмөлүү 639 батир салынат

4 / 4

Белгилей кетсек, ипотекалык үйлөр аймактардан биринчи болуп Жалал-Абадда салына баштады

Курулуштун капсуласын салуу аземине катышкан МИКтин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов бул үйлөр "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасынын алкагында 25 жылга ипотекага берилерин айтты.
Курулуш иштерин 2024-жылы бүтүрүү пландалган. Анда 1, 2, 3 бөлмөлүү 639 батир салынат.
Белгилей кетсек, ипотекалык үйлөр аймактардан биринчи болуп Жалал-Абадда салына баштады. Жеткиликтүү ипотекалык үйлөр Бишкекте былтыртан тарта курула баштады. Буга чейин Садыр Жапаров ипотекага бериле турган үйлөрдү курууга өлкөнүн ар аймагынан жер тилкелери бөлүнүп жатканын билдирген.
Кыргызстан Сауд фондунан үй салууга 100 млн. доллар кредит алат