Улуттук банк кечээ валюта рыногуна 44,8 млн. доллар сатты

Кечээ эртең менен доллар 89,22 сомдон сатылса, бүгүн курс 89,37 сомду түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 16-октябрда, Улуттук банк валюта рыногуна 44,8 миллион доллар сатты.
Адатта башкы банк курстун өйдө-ылдый болгон "секиригин" кармап туруу үчүн же америка валютасынын ашыкча көбөйүп, болбосо жетишпестигин жоюу үчүн доллар сатып же сатып алат.
Кечээ эртең менен доллар 89,22 сомдон сатылса, бүгүн курс 89,37 сомду түздү.
Бул быйылкы жылдын эсебинен жасалган 14үнчү жана октябрдагы экинчи интервенция.
Акчаны Telegram-каналдар аркылуу алмаштырбагыла! Улуттук банк эскертүүдө