Радио

Тез татым жайларына 108 миң сом айып пул салынды

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын ветеринардык көзөмөлдөө жана контролдоо башкармалыгынын ички ветеринардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Бексултан Нурбек уулу тез татым жайлары боюнча текшерүү иштери кандай жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
Бүгүнкү күнгө чейин өлкө боюнча жалпы 109 объект тамак-аш коопсуздугу боюнча текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Бексултан Нурбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, талапка жооп бербеген жайларга жалпы 108 500 сом айып пул салынган.
"Үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында Бишкек шаарындагы тез татым жайларынын биринде массалык уулануу катталгандыгына байланыштуу 3-октябрда текшерүү тууралуу буйрук келип түшкөн. Башкармалык 4-октябрдан баштап бир гана Бишкек шаарында эмес, республика боюнча тамак-аш коопсуздугу боюнча текшерүү иштерин баштаган. Анын жыйынтыгында бүгүнкү күнгө чейин жалпы 109 субъект текшерүүгө алынып, талаптарга жооп бербегендерине айып пул салынды. Азыркы кезде салынган айып пулдун суммасы 108 500 сомду түздү. Текшерүү иштери уланат", — деди бөлүм башчы.
Ал ошондой эле 350 объектиге мониторинг жүргүзүлгөндүгүн кошумчалады.