Путин Байдендин Россияны басып коюуну кыялданган сөзүнө жооп берди

РФ башчысынын пикири боюнча, АКШнын жетекчилиги башкаларды сыйлаганды үйрөнүшү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин АКШ президенти Жо Байдендин Россияны “басып коёбуз” деген кыялына “Кылым жаша – кылым үйрөн” деген орус макалы менен жооп берди.
РФ башчысынын пикири боюнча, АКШнын жетекчилиги башкаларды сыйлаганды үйрөнүшү керек.

“Алар, албетте, протокол боюнча жүзүңө карап жылмайып, далыга таптап коё берет. Бирок башка өлкөлөрдү сыйлаш үчүн алардын кызыкчылыктарын эске алыш керек, ошондо эч кимди “басуунун” зарылчылыгы болбойт. Кимдир бирөөнү кандайдыр бир себеп менен же себеби жок эле басып коюу аракети көйгөйлөрдү жаратат”, — деп айтты ал “Россия 24” телеканалынын эфиринде.

Буга чейин Байден президенттик экинчи мөөнөтүн кыялданып, аткара турган иштерин тизмектеген. Анда Жакынкы Чыгыштагы чатакты жөндөп, Россия жетекчисин "басуу" тилеги туурасында айткан.
“Бул менин жеке ишим эмес деп ойлойм. Ал өлкөнүн кызыкчылыгы. Россиянын кызыкчылыктарын басып коюу мүмкүн эмес, аны менен эсептешиш керек”, — деди Путин.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украина кепке келүүнү кааласа декретин жокко чыгарышы керек
Теги: Россия Владимир Путин Жо Байден жооп