Садыр Жапаров ӨКМге Россия берген өрт өчүрүүчү тик учакты тапшырды

Бишкекке алып келинген тик учактын баасы 12 миллион доллардан ашары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине издөө-куткаруу иштерине жана өрт өчүрүүгө багытталган МИ-8 МТВ 1 тик учагын тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 6

Президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине издөө-куткаруу иштерине жана өрт өчүрүүгө багытталган МИ-8 МТВ 1 тик учагын тапшырды

2 / 6

Аталган техниканы Россия өкмөтү Кыргызстанга жардам иретинде берген. Баасы 12 миллион доллардан ашуун

3 / 6

Мамлекет башчы Россиянын президенти Владимир Путин менен жетишилген макулдашууну эске салып, Россия тарап Кыргызстанга 20 миллион долларлык өрткө каршы жана атайын авиациялык техника түрүндө жардам көрсөтүүгө даяр экенин ырастаганын айткан

4 / 6

Соңунда президент Россиянын жетекчилигине жана ӨКМине Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди

5 / 6

МИ-8МТВ 1 — жүргүнчүлөрдү ташуучу, транспорттук жана өрткө каршы чыгарылган көп максаттуу техника. 4 тоннага чейин жүк көтөрө алат, кабелдик асма жүктөрдү ташууга да ылайыкталган

6 / 6

Садыр Жапаров Россиянын өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренковго эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо боюнча активдүү иши үчүн Даңк орденин тапшырды

Аталган техниканы Россия өкмөтү Кыргызстанга жардам иретинде берген. Баасы 12 миллион доллардан ашуун.
МИ-8МТВ 1 — жүргүнчүлөрдү ташуучу, транспорттук жана өрткө каршы чыгарылган көп максаттуу техника. 4 тоннага чейин жүк көтөрө алат, кабелдик асма жүктөрдү ташууга да ылайыкталган. Бейтаптарды ташуу үчүн 12 замбил жана медициналык жабдууларды орнотуу үчүн түйүндөр бар. Катаал аба ырайында дагы аэродром жана даярдыгы жок аянттардан күнү-түнү учуп-коно алат.
Мамлекет башчы Россиянын президенти Владимир Путин менен жетишилген макулдашууну эске салып, Россия тарап Кыргызстанга 20 миллион долларлык өрткө каршы жана атайын авиациялык техника түрүндө жардам көрсөтүүгө даяр экенин ырастаганын айткан.

"Бул гуманитардык долбоордун алкагында үстүбүздөгү жылдын март айында биринчи этапта Кыргызстанга 40 даана өрт өчүрүүчү автоцистерна берилген. Алар биздин өрткө каршы кызматыбызды кыйла бекемдеди жана азыркы учурда өрттү өчүрүүдө, авариялардын жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда ийгиликтүү колдонулууда. Бүгүн сиздер менен МИ-8 тик учагын кабыл алуу, өткөрүп берүү аземинин экинчи этабынын аякташына катышып жатабыз”, — деди Жапаров.

Соңунда президент Россиянын жетекчилигине жана ӨКМине Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Аны менен катар Жапаров Россиянын өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренковго эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо боюнча активдүү иши үчүн Даңк орденин тапшырды.
ЖККУ машыгуусу. Балыкчыда сокку уруучу "Муха" дрону биринчи ирет сыналды