Кыргызстандын жарандарына Россиянын финкызматтарын колдонууда жеңилдик берилди

КМШдагы сегиз өлкөнүн атуулдары кызматтарды аралыктан колдоно алат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Россияда финансылык операцияларды жүргүзүү үчүн жарандары аралыктан идентификациядан өтө ала турган өлкөлөрдүн тизмесин бекитти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ошондой эле россиялык банктардан үйдө отуруп эле эсеп ачууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
РФ өкмөтү бекиткен тизмеге 25 мамлекет кирген: Азербайжан, Алжир, Армения, Бахрейн, Беларусь, Бразилия, Египет, Индия, Индонезия, Казакстан, Катар, Кыргызстан, Кытай, Кувейт, Малайзия, Монголия, БАЭ, Оман, Пакистан, Сауд Арабиясы, Тажикстан, Таиланд, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстан.
Мындай чечим чет элдиктердин РФтин финансылык кызматтарын пайдалануу жолдорун жеңилдеткен мыйзамды аткаруу максатында кабыл алынган.
Россиядагы мигрант таксисттер үчүн жаңы эрежелер: эмне өзгөрдү?