Небензя: РФ резолюциясына берилген добуштар согушту кимдер көксөөрүн көрсөттү

РФтин өкүлүнүн айтымында, кеңеш бул сапар да Батыш делегациясына кирген блоктордун өзүмчүлдүк умтулуусунун барымтасында калды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Россиянын Газа боюнча гуманитардык резолюциясынын долбооруна төрт өлкө каршы добуш бергенин РИА Новости жазды.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя чындыгында ким элдешүүнү, Газаны бомбалоону токтотууну жактаарын, ал эми ким өзүнүн саясий кызыкчылыгын көздөөрүн резолюцияга берилген добуштар айкын көрсөтүп койгонун айтты.
Ал кеңеш бул сапар да Батыш делегациясына кирген блоктордун өзүмчүлдүк умтулуусунун барымтасында калганын белгиледи. Каршы добуш берген өлкөлөр БУУнун Коопсуздук кеңеши кан төгүлүп жаткан жаңжалды токтотот деген коомчулуктун үмүтүнө суу сепкенин айтты.
Резолюция жай жарандарга жасалган зомбулукту, күч колдонууну жана согуштук аракеттерди, террорчулуктун бардык актыларын айыптап, барымтадагыларды аман-эсен бошотуп алууга чакырган. Мындан сырткары, документте гуманитардык жардам тоскоолдуксуз таратылып, жай жарандарын коопсуз жайга чыгышына шарттар түзүлүшү зарылдыгы айтылган.
Россиянын резолюциясына АКШ, Улуу Британия, Франция жана Япония каршы чыкты. Колдогон мамлекеттердин катарында Россия, Кытай, БАЭ, Габон жана Мозамбик болду. Албания, Бразилия, Гана, Мальта, Швейцария жана Эквадор ортолук позицияны ээлеген. Мунун жыйынтыгында резолюция зарыл болгон "макул" деген 9 добушту ала албай калды. Беларусь, Египет, Пакистан, Сауд Арабиясы, Түркия башында турган 25 мамлекет авторлош болгон бул документте БУУнун Коопсуздук кеңешинин атынан Жакынкы Чыгыштагы согуш отун токтоосуз жана толук токтотуу чакырыгы жасалган.
АКШнын БУУдагы атайын өкүлү Линда Томас-Гринфилд Американын документти колдобой коюшуна документте ХАМАСты айыптоонун жоктугу себеп экенин айткан.
Небензя: Жакынкы Чыгыш ири масштабдуу согуштун босогосунда турат