Кытайдын Пекин шаарында Кыргыз маданий борбору ачылат

Кыргыз маданий борборун түзүүгө Кытай жараны демөөрчүлүк кылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Пекинде Кыргызстандын, ал эми Бишкекте Кытайдын маданий борбору ачылат. Тиешелүү макулдашууну ЖКнын эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети карап, ратификациялап берди.
Өз ара маданий борборлорду түзүү жөнүндө келишимге эки өлкөнүн өкмөт башчылары үстүбүздөгү жылдын 18-майында кол койгон.
Аталган макулдашуу тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бул саамалык улуттук маданиятты чет өлкөлөрдө жайылтуунун эффективдүү инструментин түзүү жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо максатын көздөйт.
"Маданий борборлорду түзүү маданий жана гуманитардык чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууга жана кызматташууга дем берет. Кыргыз маданий борборун түзүүгө Кытайдын жараны Пэн Сяолань демөөрчүлүк кылууда. Ал — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрдин коомдук башталгычтагы кеңешчиси", — деди Аскарова.
Ал эми Бишкектеги Маданий борборду кытай өкмөтү өзү каржылайт, анын ачылышы 26-октябрга чейин болору күтүлүүдө.
Россияда эмгек мигранттары үчүн адаптациялык курстар иштелип чыкты