Москвада КМШ өлкөлөрүнүн дарыгерлери тажрыйбасын арттырып жатышат

Россиянын алдыңкы адистери өтүп жаткан бул окутууларды Россотрудничество агенттиги уюштурууда.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстандын жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн дарыгерлери Москва шаарында кесиптик тажрайбасын жогорулатып жүрүшөт. Бул туурасында Россотрудничество кабарлады.
1 / 2

Кыргызстандын жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн дарыгерлери Москва шаарында кесиптик тажрайбасын жогорулатып жүрүшөт

2 / 2

Окуу Федералдык реаниматология жана реабилитология илимий-клиникалык борборунда өтүүдө

Окуу Федералдык реаниматология жана реабилитология илимий-клиникалык борборунда өтүүдө.
Армения менен Кыргызстандын дарыгерлеринин биринчи тобу кыйчалыш кырдаалдарда адистештирилген медициналык тез жардамды көрсөтүү ыкмаларын үйрөнүп жатышат. Беларустун жана Казакстандын дарыгерлери өнөкөт оор абалдагы бейтаптарды нейрореабилитациялоонун диагностикалык ыкмаларын жана этаптарын өздөштүрүүдө.
Россиянын алдыңкы адистери өтүп жаткан бул окутууларды Россотрудничество агенттиги уюштурууда.
Кыргызстанда 120дан ашуун медик россиялык адистердин вебинарына катышууда